Аябады歌词由Калыс Жакыпов演唱,出自专辑《Жамгырдын тамчысы》,下面是《Аябады》完整版歌词!
Аябады歌词完整版
Сен келип кайбир дүйнөдөн
Сезимге салдың дүрбөлөң
Сүйөм деп сүйдүрүп мени
Сүйүүмдөн качтың гүлдөгөн
Аябадың мени, аябадың
Сыздатып жан дүйнөмдү жараладың
Башка эмес, бир өзүңндү сүйөрүмдү
Билсең да сезимимди аябадың
Аябадың
Мен сени сагынган кезде
Саргартып келбедиң, неге?
Сүйөм деп айтканың эсте
Ак сүйүүң калп беле эмне
Аябадың мени, аябадың
Сыздатып жан дүйнөмдү жараладың
Башка эмес, бир өзүңндү сүйөрүмдү
Билсең да сезимимди аябадың
Аябадың
Арбалдым сага билемин
Жан дүйнөм ачтым кирбедиң
Сүйөм деп арзуум арнасам
Чоң сүйүү баркын сезбедиң