Оюнчук паровозго歌词由Каныкей Эралиева演唱,出自专辑《Оюнчук паровозго》,下面是《Оюнчук паровозго》完整版歌词!
Оюнчук паровозго歌词完整版
Аянбастан көкүрөктү ачайын
Аптыктырган бороондорго, ак карга
Такыр башка ойлор менен жашайын
Алып кетчи мени башка жактарга
Эстен чыксын көптү баштан өткөргөн
Мен бир аял, сен оюнчук экениң
Калсын жерлер кулак угуп көз көргөн
Көз көрбөгөн жүр жактарга кетели
Көз көрбөгөн жүр жактарга кетели
Бир кирелик кан жини ашкан калаага
Бир чыгалык каңгыраган талаага
Мен жүрөктө карабайын жарага
Сен оюнчук экениңе караба
Эстен чыксын көптү баштан өткөргөн
Мен бир аял, сен оюнчук экениң
Калсын жерлер кулак угуп көз көргөн
Көз көрбөгөн жүр жактарга кетели
Көз көрбөгөн жүр жактарга кетели
Биз жаккан от акыры өчүш керекпи
Эч ким бизди биз эч кимди жоктобой
Капкалуу шаар картада жок элетти
Жүр сызалык эч бирине токтобой
Эстен чыксын көптү баштан өткөргөн
Мен бир аял, сен оюнчук экениң
Калсын жерлер кулак угуп көз көргөн
Көз көрбөгөн жүр жактарга кетели
Көз көрбөгөн жүр жактарга кетели
Көз көрбөгөн жүр жактарга кетели